БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Баткенде бир ай мурун жоголуп кеткен кемпирдин денеси табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине туугандары билдирди.
Эске салсак, Баткенде үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында 84 жаштагы кемпир үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.
84 жаштагы Суксур Бурканованын денеси 6-декабрь күнү Баткен шаарынан төрт чакырым алыстыкта жайгашкан Кызыл-Жол кварталындагы тоодон табылган. Мындай маалыматты Баткен шаардык ИИБден дагы тастыкташты.