![Кыргызстандыктар кандай автоунаа сатып алат? Кыргызстандыктар кандай автоунаа сатып алат? - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103065/76/1030657608_0:0:0:0_600x0_80_0_0_118f38785449bbc2e3a2acf949c36e7d.png)
Кыргызстандагы машиналардын кандай сатылып жаткандыгы тууралуу Lalafo акысыз жарнамалар сайты маалымат берди. Порталдын маалыматына ылайык, Кыргызстандагы эң белгилүү автоунаа маркалары — Mercedes, Toyota, Honda.
Ошондой эле баасы 3-6 миң долларлык машиналар абдан өтүмдүү.
Кыргызстанда машина орточо алганда бир айдын ичинде сатыла турганы аныкталды.
Lalafo сайтында айтылгандай, машиналардын эң белгилүү түстөрү болуп — кара, ак жана күмүш түстөрү саналат. Эрежеге ылайык, Кыргызстанда көбүнесе 150-200 миң чакырым аралык жүргөн 2000-2002-жылкы автоунаалар сатылат.