БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Москвадагы Кыргызстандын элчилиги ОМОНду чакырбаганын элчиликтин маалымат кызматы билдирди.
![Москвадагы Кыргызстандын элчилиги ОМОНду чакырбаганын элчиликтин маалымат кызматы билдирди Москвадагы Кыргызстандын элчилиги ОМОНду чакырбаганын элчиликтин маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103069/82/1030698252_0:23:1280:828_600x0_80_0_0_271421a5297a6c7805846a9817226d46.jpg)
![социалдык тармактын колдонуучулары Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин алдына ОМОНдор чогулуп, имараттын алды темир тосмолор менен толсулганын жазышкан социалдык тармактын колдонуучулары Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин алдына ОМОНдор чогулуп, имараттын алды темир тосмолор менен толсулганын жазышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103069/84/1030698483_0:34:1280:839_600x0_80_0_0_fb540a8461d842e2a81dfc81bb7e1dec.jpg)
Эске салсак, социалдык тармактын колдонуучулары Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин алдына ОМОНдор чогулуп, имараттын алды темир тосмолор менен толсулганын жазышкан.
"Ар бир мамлекеттин коопсуздугун тейлөөчү органдары бар. "Элчиликке келгиле, метродо чогулабыз" деген жарыяны 85 миң колдонуучу окуп, чогулуп жатса, атайын органдын кызматкерлери реакция жасап жатышат. ОМОНду элчилик чакырган эмес", — деп айтылат элчилик тараткан билдирүүдө.
Айрым ЖМКлардын билдирүүсүндө элчиликтин алдына 20дай киши чогулуп, себеби жок текшерүүлөргө нааразычылыгын билдирген. Алар менен консул Анвар Тохтахожаев жолуккан.
Москва шаарындагы кыргызстандык мигранттардын айтымында, Москванын мэри Сергей Собяниндин кыргыз мигранттары мыйзамды сактабай, каттоого турбай жатканын билдиргенден кийин аларды тыкыр текшерүү башталган.