БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча Азия биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциядан билдирди.
Турнир 14-21-декабрь күндөрү Улуттук китепканада өтөт.
"Турнир эркектер жана айымдар арасында уюштурулат. Ага Кытай, Монголия, Түркмөнстан, Казакстан, Түркия, Түштүк Корея жана Кыргызстандын спортчулары катышат", — деп жазылат маалыматта.
Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.