БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы бир катар шайлоо участкаларында урналар иштебей калганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы маалымдады.
Анын айтымында, шайлоочулар добуштарын бере албай кезекте турат.
![Жалал-Абад шаарындагы бир катар шайлоо участкаларында урналар иштебей калган Жалал-Абад шаарындагы бир катар шайлоо участкаларында урналар иштебей калган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103072/18/1030721824_0:77:1280:882_600x0_80_0_0_cbb035d05a526a3d5b7d8696c8c752e1.jpg)
![Шайлоочулар добуштарын бере албай кезекте турат. Шайлоочулар добуштарын бере албай кезекте турат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103072/18/1030721817_0:0:1280:804_600x0_80_0_0_8a1bb077e4719ea2b6850f086bc68fa6.jpg)
"Жалал-Абад шаарындагы 2100-участокто компьютерлер менен маалымат базасы иштебей калганына байланыштуу эл добушун бере албай жатат. Ал эми 2104-участокто электрондук урналар иштебей калып жүздөгөн адамдар добуш бере албай кезекте турат. Ушундай эле көрүнүш 2097-участокто байкалууда", — деп аймактык кабарчы билдирди.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын адиси Берик Исаков мындай көрүнүштөр болуп жатканын тастыктады.
"Жала-Абад шаарындагы участоктордо урналар иштебей калган көрүнүштөр бар. Учурда ал участокторго техникалык колдоо тобу келип иштеп жатат. Система жөнгө салынганча эл добушун бере албайт", — деди Исаков.
Ал ошондой эле мындай көрүнүштөр Баткен, Нарын облустары менен Бишкек шаарында дагы байкалып жатканын белгиледи.