00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сотмедэксперт: Назарбаевдин мурдагы күйөө баласын өлөр алдында тумчуктурушкан

© AFP / DRAGAN TATIC / HBF APA Бывший казахстанский чиновник и дипломат Рахат Алиев
Бывший казахстанский чиновник и дипломат Рахат Алиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Австриядагы мурдагы элчиси Рахат Алиевди түрмөдөн кыйнап өлтүрүшкөнүн абройлуу соттук-медициналык эксперт билдирүүдө.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Беделдүү немис сотмедэксперти Бернд Бринкманн Казакстандын Австриядагы мурдагы элчиси Рахат Алиев 2015-жылы февралда Австриянын түрмөсүндө кыйнап өлтүрүлгөн деген жыйынтыкка келгенин Sputnik Казакстан маалымат агенттиги Die Zeit басылмасына шилтеме берүү менен билдирди. 

"Ал үч же андан көп киши тарабынан өлтүрүлүшү мүмкүн", — деген эксперттин корутундусун немис басылмасы жазып чыккан.

Эксперттин айтымында, Алиевди муунтуп өлтүрүшкөн. Аны бир нече киши көкүрөгүн кысып, тумчуктурушкан. Австриялык ЖМКлардын маалымдашынча, Бринкманн адамдар асынып, же муунтулуп өлтүрүлгөндө анын себебин аныктоо боюнча алдыңкы эксперт болуп саналат.

Алиев кыйнап өлтүрүлгөн деген жыйынтыкка эксперт өлүктү сойгондогу протоколдорду жана сөөктүн сүрөтүн көрүп келген. Анын айтымында, Алиевдин денесиндеги көгала тактар жана бетинин өңү өлтүрүлдү деген ойду тастыктап турат.

Алиевдин жактоочулары казакстандык атка минердин өлүмүнүн себебин иликтөөнү кайра жандандырууну талап кыларын айтышты. 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев Казакстанда автократиялык режим өкүм сүрөт дегенге кошулбайт
Эскерте кетсек, 2015-жылдын февраль айында Алиевдин сөөгү Австриянын борборундагы түрмөдөн табылган. Биринчи жана негизги версия катары өзүн өзү өлтүрүү каралган. Бирок жергиликтүү ЖМКлар маркум өмүрүнө кол салууга ыктагандардын катарында эмес экенин жазып чыгышкан. Кырсыкка чейин Алиевдин коркутууларга дуушар болгону айтылып, мындан улам ал бир кишилик камерага которулган. Австрия бийлиги бир нече ирет Алиевдин өлүмүнө башка нерсе себепкер экенин далилдеген нерселер табылбаганын айтып келген. 

2008-жылы Алиев Казакстанда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылган жана адам уурдоо менен алектенүүчү топ түзгөн деген айып менен сыртынан узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Вена соту 2011-жылы Алиевди Казакстанга экстрадициялоодон баш тарткан.

Алиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын жубайы болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0