БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ош облусунан Кытайга 300 эшек жүктөп бараткан унаалар кармалгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчыcына Ош облустук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
![Продажа ослов Оше Продажа ослов Оше - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103078/94/1030789476_0:0:997:365_600x0_80_0_0_7a131b62bacfdb1d6fe6ebeeedacc4a0.jpg)
Анын айтымына караганда, эшектер жүк ташуучу алты унаага жүктөлүп бараткан.
"Ар бир унаанын ичинде 50дөн эшек бар экен. Бирок Кара-Суу райондук ИИБдин кызматкерлери иликтөө учурунда эшектер эки өлкөнүн келишими менен мыйзамдуу түрдө кетип жатканын аныкташты. Тактап айтканда, Кыргызстандан төрт миңден ашуун эшекти алып чыгып кетүүгө уруксат берилиптир", — деп билдирди Ашырбаев.
Ал ошондой эле эшектерди "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу 60 күн ичинде алып кетүүгө уруксат берилгенин кошумчалап, бардык документтер текшерилген соң унаалар кое берилгенин билдирди.