БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Испаниянын "Реал Мадриди" дүйнөнүн клубдук чемпиону Кубогун жеңип алды. Финалдык оюн Йокогама (Япония) шаарындагы "Ниссан Стэдиум" стадионунда өттү. Алардын атаандашы "Касима Антлерс" япон клубу болду.
![Оюндун тогузунчу мүнөтүндө клуб форварды Карим Бенземдин киргизген голунан улам алдыга чыкты Оюндун тогузунчу мүнөтүндө клуб форварды Карим Бенземдин киргизген голунан улам алдыга чыкты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103085/11/1030851161_0:0:2077:1305_600x0_80_0_0_bb6603ea5deb40fd3e400acac9eede01.jpg)
![Бирок, биринчи таймда атаандаш тараптан Гаку Сибасаки эсепти теңдеп кетти Бирок, биринчи таймда атаандаш тараптан Гаку Сибасаки эсепти теңдеп кетти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103085/12/1030851231_0:0:2675:1682_600x0_80_0_0_d857f2dffd8bb214d1895a723ad5515b.jpg)
![Оюндун 60-мүнөтүндө Реал жылдызы Криштиану Роналду эсепти пенальти менен теңдеди. Экстра-таймдын 15-мүнөтүндө Роналду ишке жарап, анын эки голу оюндун өңүтүн өзгөрттү Оюндун 60-мүнөтүндө Реал жылдызы Криштиану Роналду эсепти пенальти менен теңдеди. Экстра-таймдын 15-мүнөтүндө Роналду ишке жарап, анын эки голу оюндун өңүтүн өзгөрттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103085/13/1030851300_0:0:1663:1044_600x0_80_0_0_9d55eb1f08cbe4fcd1b77c52a210ffcf.jpg)
![Криштиану Роналду өзүнүн алтын тобун алды, ал эми анын клубдашы Лука Модрич күмүш топтун ээси болду. Финалды соңуна чыгарган Сибасаки коло топко арзыды. Криштиану Роналду өзүнүн алтын тобун алды, ал эми анын клубдашы Лука Модрич күмүш топтун ээси болду. Финалды соңуна чыгарган Сибасаки коло топко арзыды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103085/11/1030851102_63:0:3305:2037_600x0_80_0_0_276ecd25160b304082cbc9059ca6b6aa.jpg)
Оюндун тогузунчу мүнөтүндө клуб форварды Карим Бенземанын киргизген голунан улам алдыга чыгып, бирок, биринчи таймда атаандаш тараптан Гаку Сибасаки эсепти теңдеп кетти. Андан ары япон спортчусу командасын алдыга жетелеп, экинчи беттештин жарымында алыстан топ киргизди.
Оюндун 60-мүнөтүндө "Реал" жылдызы Криштиану Роналду эсепти пенальти менен теңдеди. Оюндун негизги бөлүгүндө жеңүүчү аныкталбай, кошумча эки тайм бөлүндү.
Дүйнөнүн клубдук чемпионаты — алтын континеттин күчтүү футболчулары арасындагы таймаш. "Реал" Европаны UEFA чемпиондорунун Лигасынын Кубогунун ээси катары катышкан.