БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бүгүн "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын оту жанып, сыйкырдуу таякчан Аяз ата менен Аяз кыз жаңы жылдык майрамдын ачылышын жарыялады.
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги саясатчы жана чыгармачыл адамдар менен байланышып, жаңы жылда Аяз атадан кандай белек күтөрүн билип көрдү.
![Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102485/34/1024853477_0:0:3936:2624_600x0_80_0_0_5b6c47da97407f540af81067b6ef4f28.jpg)
Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы:
Аяз ата Кыргызстанды кризистен чыгарып, экономикалык өнүгүүгө алып келсин. Президенттик шайлоо жакшы өтсүн. Бийлик тынчтык жолу менен алмашып стабилдүү жыл болсун. Ар бир адамдын күткөн жакшылыктары ишке ашсын. Эч ким оорубасын. Аяз атадан мына ушундай жакшы нерселерди күтөм.
Жеке өзүмө ден соолук тилейм. Элим аман болсун, эл ичинде мен болоюн.
![Депутат Омурбек Текебаев Депутат Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102485/20/1024852022_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_638904ae3932f0ad9c4a95a10eeeee40.jpg)
Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты:
Менин бала кезимде Аяз атага ишенмек түгүл аны билген да эмеспиз. Азыркылар болсо Аяз ата белек таштайт деп ишенишет экен. Бизде андай нерсе болгон эмес. Тилек айта албайм.
![Депутат Кожобек Рыспаев Депутат Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102982/08/1029820817_0:0:4469:2977_600x0_80_0_0_b90eef3e8a1f5d781016b35b3c293d93.jpg)
Кожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин депутаты:
Аяз ата тынччылык, молчулук, элибизге ден соолук, экономиканы өстүрө турган жакшы долбоорлорду ала келсин. Алмазбек Атамбаевдей жакшы президент берсин. Парламент 2017-жылы жакшы мыйзамдарды чыгарып, өкмөт жакшы иштесин.
Өзүмө ден соолук, үй-бүлөмө жакшылык берсин. Туугандарым ден соолуктуу болсун. Өзүмдүн ишим ийгиликтүү болсун. Жакшы депутат болуп пайдалуу мыйзамдарды чыгарайын. Элдин кызматын так жана ак аткарып берейин.
![Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102989/66/1029896632_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_3eb991de6339d6f0de039d9ea2e85edd.jpg)
Айчүрөк Иманалиева, КРдин эмгек сиңирген артисти:
Жаңы жылда элибизде, жерибизде жана эненин жүрөгүндө тынчтык болсо экен. Балдарым аман болсо деп сурайм.
Иштеп жаткан адамдардын эмгеги өкмөт тарабынан туура бааланып, акыйкаттык болсо дейм. 5-6 жыл иштегендер 20-30 жыл иштегендерге караганда ар кандай сыйлыктарга ээ болуп калган көрүнүштөр жоюлуп, адилеттүүлүк орносо экен. Себеби канча жылдап иштеген таланттар "Эл артисти", "Эмгек сиңирген" сыяктуу наамдарга жетпей көзү өтүп кетип жатат. Акыйкатсыздыктын айынан өздөрүн таштап койгондор да кездешет. Ушул маселе жакшылап каралса деген тилегим бар.
![Депутат ЖК Айсулуу Мамашова Депутат ЖК Айсулуу Мамашова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102468/27/1024682792_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_60e1a0b5b7bce0a1276acb28501b98ec.jpg)
Айсулуу Мамашева, Жогорку Кеңештин депутаты:
Урматтуу аяз ата! Сурай турган белегим абдан кымбат экенин билем. Бирок ал миңдеген адамдын өмүрүн сактай алат. Онкологиялык оорулуулар үчүн керектүү жабдык алып беришиңди өтүнөм. Жаңы жылда сенин белегиң эненин, баланын, атанын өмүрүн сактап, миңдеген үй-бүлөлөрдү бактылуу кылсын. Элди бактылуу кылыш үчүн сенин капчыгың ар дайым калың болсо экен. Урматым менен Айсулуу.
![Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102950/12/1029501257_0:0:4000:2670_600x0_80_0_0_4e5d731baa246ce015b8ef0b1c8bb595.jpg)
Гүлнур Сатылганова, КРдин эл артисти:
Азыркы заманда оорунун түрү көбөйүп кетти. Аяз атадан суранарым — башкысы ден соолук берсин. Элимде, жеримде тынчтык болсо экен. Анан кыштын кыштай болушун суранам. Себеби мен карды абдан жакшы көрөм.
Сахнада жүргөнүмө 30 жыл болгондуктан келерки жылдын жаз айларына пландап жаткан жеке концертимди жакшы өткөрүп алсам экен.
![Депутат Абдывахап Нурбаев Депутат Абдывахап Нурбаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102093/62/1020936273_0:0:3611:2407_600x0_80_0_0_aa29d4dd7c61fa65735dab2fbaf7ac21.jpg)
Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты:
Келерки жылы президенттик шайлоо биринчи жолу биометрика менен өтөт. Ошол тынч жана таза болсун. Эл мамлекетке кызмат кыла турган, жүрөгүндө элге болгон сүйүүсү күч адамды тандап алышын каалайм.
Ал эми өзүмө жана ата-энеме ден соолук сурайм, жакшы иштер насип болсун.
![Депутат Лунара Мамытова Депутат Лунара Мамытова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102487/08/1024870886_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_e2f9aa2af0135321e10f93a3e6932fcf.jpg)
Лунара Мамытова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары:
Кичинемде Аяз атаны сыйкырчы ата катары элестетчүмүн. Азыр деле бардык тилектерди орундаткан кандайдыр бир сыйкырдуу күчкө ишеним бар.
Тилегеним эле коомубузда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар аз болсо экен. Балдарыбыз, энелерибиз ден соолукта аман болушсун. Иш менен жүрүп кыйналган балдарды, карыяларды көргөндө жүрөк эзилет. Ар бир бала бардар жашоодо өсүшүн суранам. Кедей үй-бүлөлөрдүн саны азайып, элибизге кут консун.
Өзүмө болсо билимге умтулуп, кесипкөйлүктү жогорулатуунун үстүндө иштөөгө күч кубат сурайм.