БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Референдум жана жергиликтүү шайлоодо иштеген операторлорго айлык акысы толук берилбей жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине оператор болуп иштеген Эмил Бектурсун уулу билдирди.
Анын айтымында, Мамлекетти каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев операторлор 6200 сомдон колуна аларын айткан.
"Тайырбек Сарпашев буга чейин ЖМКларга интервью берип, операторлордун айлыгы келишимде 8000 сом деп көрсөтүлгөнүн, салыктарды алганда 6200 сом колго аларын билдирген. Ал эми азыр бизге 5083 сом гана беришти. Ортодо бирөөлөр акча жеп жатабы деп ойлоп жатабыз", — деди Бектурсун уулу.
Ал эми атын атагысы келбеген Жалал-Абад шаарынын тургуну, шайлоодо оператор болуп иштеген жаран алгач аларга 8000 сом убада кылынганын айтып, учурда 5000 сом беребиз деп жаткандыгын белгиледи.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев операторлордун айлыгы боюнча атайын токтом чыкканын айтып, маалымат кызматтан тактап алса болорун кошумчалады.
"Операторлордун айлыгы боюнча атайын токтом чыккан. Канча экенин так айта албайм. Аны маалымат кызматынан тактасаңар болот", — деди Сарпашев.
Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева Сарпашев буга чейин болжолдуу түрдө гана айлык көлөмүн айткандыгын билдирди.
"Өкмөттүн 2016-жылдын 8-декабрында чыккан №645 токтомуна ылайык, операторлорго компенсация жана айлык акынын көлөмү 6200 сомду түзөт. Бул салыктарды эске албаганда. Аталган суммадан салыктарды алып салганда операторлор колуна 5087 сом алышат. Бул Бишкек боюнча гана. Анткени аймактарда операторлор жергиликтүү бийлик тарабынан жумушка алынган", — деди Азимбаева.
Ал аймактарда акы башкача болушу мүмкүндүгүн айтып, Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек боюнча гана операторлорду ишке калганын кошумчалады.