БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Мосул шаарын "Ислам мамлекети" террористтик уюмунан бошотуу үчүн атайын аскердик иш-аракеттен улам 108 миңден ашык адам азыркыга чейин үйлөрүнө кайта элек. Бул тууралуу Миграция боюнча эл аралык агенттикке шилтеме кылып РИА Новости билдирди.
"Мосулда аскердик иш-аракеттер башталгандан бери 20 миң үй-бүлө жана 120 миң адам жер которгон. Алардын ичинен 108 миң 624 адам азыркыга чейин үйлөрүнө бара элек", — деп айтылат маалыматта.
Мосулду "Ислам мамлекети" террордук уюмунан бошотуу иш-аракети 17-октябрдан бери уланууда. Операция иштерине Ирак аскерлери, курд күчтөрү, АКШ башында турган эл аралык коалициянын аба күчтөрү катышып жатат.
ЖМКларда белгиленгендей, коалициянын жарандык инфраструктурага кылган жаңылыш соккуларынан жөнөкөй жарандар дагы каза таап келет.