БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттордун эскиздери менен ведомствонун 2018-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын Донордук коомчулукка сунуштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
![Презентация эскизов электронных биометрических паспортов Презентация эскизов электронных биометрических паспортов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103093/83/1030938327_0:0:1080:720_600x0_80_0_0_864afe023e40003a06905fa02c9be124.jpg)
Билдирмеге караганда, Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев 2017-жылы электрондук биометрикалык паспорттор бериле баштай турганын билдирген.
"Жыл сайын эки миллионго жакын жаран мамлекеттик кызматтарды колдонот. Биометрикалык паспорттор ошол кызматтардын тез жана сапаттуу болушуна шарт түзөт. Биометрикалык паспорт — бул маалымат базасына болгон ачкыч. Эгер жарандын колунда ушундай ачкычы болсо мамлекеттик кызматтарды каалашынча колдоно алат. Эгер жок болсо, ар кандай справкаларды алууга аргасыз, кыскасы бюрократия жолу десек жаңылышпайбыз", — деп билдирди Сарпашев.
Ал ошондой эле калктын бирдиктүү реестрин түзүү үчүн алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеген.
"Калктын бирдиктүү реестрин түзүү үчүн буга чейин 1 миллиард сом тартылган. Анын жыйынтыгын бүгүн өзүңүздөр көрүп турасыздар. Бүгүнкү күндө 19 автоматтык маалыматтык система ишке берилди. Ага ЗАГС, паспорт, дарек регистри, онлайн-аукцион жана башкалар кирет", — деп кошумчалаган Сарпашев.
Түзүлгөн автоматтык маалыматтык система электрондук өкмөттүн куралы болуп эсептелет.