Молдобекова Гүлкан Сакиновна — өмүр баяны
16:23 26.12.2016 (Жаңыртылды: 15:24 26.01.2022)
© Sputnik / Табылды КадырбековМолдобекова Гүлкан Сакиновна
![Молдобекова Гүлкан Сакиновна Молдобекова Гүлкан Сакиновна - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/1e/1060854038_0:0:3073:1728_600x0_80_0_0_7b340facdc5d1287966a70c043b2fb5c.jpg)
Жазылуу
Молдобекова 1964-жылы 16-апрелде Талас облусуна караштуу Кара-Ой айылында туулган.
1988 — 1992 — Кыргыз улуттук университетинин методика кафедрасынын инженери, математика кафедрасынын инженер-техниги;
1992 — 2001 — Ишеналы Арабаев атындагы Педагогикалык институтунда физика жана информатика сабактары боюнча мугалим;
2010 — КСДП саясий кеңешинин мүчөсү;
2015-2021 — КСДП партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.