Ибраим Нуракун уулу: гардеробчуга ооз эки эскертүү гана берилген
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу гардеробчу Орунай Мамытова иштен алынбаганын билдирди.
"Гардеробчунун аты Орунай Мамытова. Ал ЖКнын иш башкармалыгына караштуу. Мен иш башкармалыктын жетекчиси менен байланышып маселени тактадым. Ал аны иштен алуу тууралуу ойлонбогонун билдирди. Болгону ооз эки эскертүү гана берилиптир", — деди Ибраим Нуракун уулу.
Ал ошондой эле парламенттик журналисттер Мамытова абдан сылык жана жоопкерчиликтүү кызматкер экенин айтып кайрылышканын билдирди. Буга байланыштуу Нуракун уулу кызматкерге өзүнүн атынан ыраазычылык билдиргенин кошумчалады.