БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Британиянын Vouchercloud деп аталган аналитикалык порталы Ала-Арча капчыгайын туристтер көп барган ажайып жай деп атады.
![Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы Ала-Арча капчыгайы Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы Ала-Арча капчыгайы Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102749/78/1027497816_0:0:5241:3494_600x0_80_0_0_1de71c91552a01c3bc55f0df20f16329.jpg)
Аталган компаниянын серепчилери TripAdvisor туристтик сервистин маалыматына таянып атайын карта түзүшкөн. Анда ар бир өлкөдөгү саякатчылар үчүн кооз жерлер белгиленген.
Россияда туристтер көп барган жер болуп Санкт-Петербургдагы "Спаса на крови" храмы эсептелет. Туристтер Түркияда Стамбул шаарындагы Айя-София соборуна, АКШда Нью-Йорктогу Борбордук паркка көп барышат.
"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы Ала-Арча капчыгайы Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан. Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу Ала- Арча суусу агат. Ала-Арча жаратылыш паркы 1976-жылы аймактын табиятын сактоо максатында уюшулган.