БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жыл майрамынын алдында Кыргызстандын бардык аймактарынын борбордук аянттарына балатылар коюлду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аймактардагы балатылар менен окурмандарын тааныштырат.
![Тестовый запуск главной новогодней елки Кыргызстана Тестовый запуск главной новогодней елки Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103081/35/1030813538_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_09bbb0966205b25d06670e1ae527fd09.jpg)
Бишкек
Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтына 25 метрлик балаты коюлду. Ага улуттук стилдеги 77 жасалга илинген. Мындан тышкары, 60 жылдызча жана 50 кар бүртүкчөлөрү менен кооздолгон. Балатыдагы оюнчуктардын жалпы саны 1200дү түзөт. Ошондой эле узундугу 2,5 чакырымга жеткен 260 гирлянд илинди. Жаңы жылдык маанайды жаратуу үчүн Бишкек мэриясы 13 миллион сом сарптады.
![Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Ош Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Ош - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103105/23/1031052390_0:0:1271:844_600x0_80_0_0_ac0b8fb2cba15e834f942d760db4450e.jpg)
Ош
Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарына 30 метрлик балаты коюлду. Жасалга иштерине 899 миң сом сарпталып, улуттук колоритте жасалгаланды. Калаанын борбордук аянтын кооздоо үчүн жалпы жонунан 1 миллион сомго сынак жарыяланган.
![Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Нарын Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Нарын - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103105/64/1031056436_0:0:1628:1085_600x0_80_0_0_39ff70d82f57a2a5ede133864cf5ee7b.jpg)
Нарын
Нарын шаарынын борборуна 18 метрлик балаты коюлду. Шаарды жаңы жылга карата жасалгалоо үчүн шаардык бюджеттен 150 миң сом бөлүнгөн.
![Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Джалал-Абад Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Джалал-Абад - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103105/21/1031052163_0:0:1247:935_600x0_80_0_0_5d57cfc9a9329aa0dcf1dc622dcc1bbc.jpg)
Жалал-Абад
Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына бийиктиги 21 метр болгон балаты коюлду. Жаңы жылдык жасалга үчүн шаардык казынадан 550 миң сом жумшалган.
![Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Талас Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Талас - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103105/27/1031052786_0:0:1256:936_600x0_80_0_0_c371d9e311bb47ebe34721003786cee4.jpg)
Талас
Талас шаарынын борборуна коюлган балатынын бийиктиги 20 метрди түзөт. Жергиликтүү бюджеттен жасалгалоо иштерине 96 миң сом каражат бөлүнгөн.
![Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Каракол Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Каракол - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103105/29/1031052953_0:0:4781:3188_600x0_80_0_0_69a6a06113b4a2776006fd75e7ac5b7d.jpg)
Каракол
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына бийиктиги 20 метр болгон балаты орнотулду. Шаарды жаңы жылга карата кооздоо үчүн жергиликтүү бийлик 450 миң сом сарптады.
![Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Баткен Новогодние елки в регионах Кыргызстана — Баткен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103105/22/1031052237_0:0:1195:717_600x0_80_0_0_1229771578c5f6506f920a1c48758580.jpg)
Баткен
Баткен шаарына бийиктиги 11 метр болгон балаты коюлду. Жасалгалоо үчүн мэриядан 100 миң сом бөлүнгөн.
Кыргызстандагы башкы балатынын жанышын Sputnik Кыргызстан видеосунун 360 форматынан көрүңүздөр>>