00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как подойти кыргызским школьникам к выбору ВУЗа в России?
12:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тарых жана маданият жылы: даңкы жана даңазасы

© Sputnik / Табылды КадырбековII Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи. Архив
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекция быйыл өлкөдө 78 иш-чара өткөрүүнү мерчемдеген. Бирок башка мамлекеттик мекемелердин кызматташуусу менен бир топ саамалыктар өткөрүлдү.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жыл башында президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялап, аны тиешелүү деңгээлде өткөрүү үчүн атайын мамлекеттик дирекция түзүлгөн. Мындан улам Sputnik Кыргызстан жыл ичинде болгон маданий иш-чараларды тизмектеп коюуну эп көрдү.

Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар

Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилөөгө 700дөн ашык маданият кызматкерлери тартылып, майрамдык концерт менен коштолду. "Ала-Тоо" аянтында 31-августта болгон майрамдык иш-чарага 40 миңдей адам күбө болгон. Андан сырткары, "Кыргыздын улуттук кийимдери" аталышындагы акция өтүп, 3000дей жаштар кыргыздын улуттук кийимдери менен көчөгө чыгышкан. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТайлак баатырдын 220 жылдыгы
Торжественное мероприятие, посвященное 220-летию Тайлак-баатыра - Sputnik Кыргызстан
Тайлак баатырдын 220 жылдыгы

Тайлак баатырдын 220 жылдыгы 30-июлда Нарындын Соң-Көл жайлоосунда өткөрүлдү. Маараке спорттук жана маданий оюндар менен коштолуп, Тайлак баатырдын күмбөзү реконструкцияланган. Ага 10 миңдей чет элдик жана жергиликтүү коноктор күбө болушту.

"Бурана" тарыхый-архитектуралык комплексинде 14-октябрда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленген. Ал жерде атайын музейдин ачылышы болду.

Үркүндүн 100 жылдыгына карата 2-сентябрда тарыхый-мемориалдык эстелик ачылды. Илимдер академиясы менен Архив агенттиги улуттук боштондук күрөшүнүн 100 жылдыгына карата үч томдук жыйнак жарыкка чыгарды. Андан сырткары "Үркүндүн үнү. Султан Далбай уулу" жана "1916-жылдагы көтөрүлүштөгү бай-манаптардын ролу" китептери жарык көрдү. Ошондой эле Медин Учкеев менен Муктар Атаналиев тарткан "Үркүн" тасмасы коомчулуктун назарына сунушталды.

Анан албетте, жергиликтүү жана чет элдик конокторду кубанткан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Ысык-Көл жээгинде жана Кырчын жайлоосунда өткөрүлдү. Жыйынтыгында аталган спорттук жана маданий саамалыкты БУУнун Башкы Ассамблеясы дагы жогору баалады.

Эл аралык саамалыктар

Бишкекте күзүндө КМШга мүчө өлкөлөрдүн 160дай өкүлүнүн катышуусунда чыгармачыл жана илимий интелегенциянын XI форуму өткөн. Иш-чара көз карандысыз мамлекеттердин 25 жылдык гуманитардык кызматашуусуна арналган.

Балдардын XIV Тил жана маданият эл аралык фестивалы дагы борбор калаада уюштурулду. 2-8-майда өткөрүлгөн фестивалга Азербайжан, Филиппин, Түштүк Африка, Индия, Бангладеш жана Мозамбик өңдүү 140 өлкөнүн өспүрүмдөрү келишкен.

Кыргызский фильм Кентавр режиссера Актана Арым Кубата - Sputnik Кыргызстан
"Кентавр" тасмасы Берлиндеги эл аралык кинофестивалга чакырылды
Ош шаарында 2-3-июнда, I Эл аралык этномаданият фестивалы болду. Анда улуттук тамак-аш, каада-салт, кол өнөрчүлүк жана кийимдер көргөзмөсү өтүп, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын алты миңдей тургуну көз салып турду. 15-17-сентябрда "Улуу Жибек Жолундагы маек: Биримдик жана жаратмандык" аталышында форум өткөрүлүп, КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн интеллектуалдары катышты.

СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгына карата IV эл аралык фестивалы Бишкекте өткөрүлдү. Фестивалга Германия, Армения, Россия, Азербайжан жана Казакстандын балет чеберлери келишти. 

Ошондой эле Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы түрк тилдүү элдерде дагы белгиленген. ТҮРКСОЙ уюмунун чечими менен Стамбулда эл аралык деңгээлде саамалык өткөрүлдү

Кыргыз маданияты чет элде

Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата чет мамлекеттерде маданият күндөрү дагы уюштурулду. Кыргыздын каада-салттары менен үрп-адатын тааныткан иш-чаралар Казакстан, Кытай, Түркмөнстан, Тажикстан, Кувейт, Сауд Аравия жана Түштүк Кореяда болгон.

Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиев: мекендештердин колдоосун алыста болсом да сезип жаттым
Жарыяланган жылдын жышааны менен Кыргызстандын чыгармачыл инсандарынын эмгектери чет элдик көрөрмандардын назарына дагы сунушталды.

Султан Раевдин "Ханышанын ыйы" спектакли Улуу Британияда көргөзүлүп, "Суфлер" спектакли Лондондо өткөн эл аралык I фестивалда баш байгени багындыра алды.

Ал эми маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жаныш Кулмамбетов Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Рахимжан Отарбаевдин "Кошалактагы окуя" спектаклин Атырау шаарындагы эл аралык фестивалда койгон. Ошондой эле Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Ата керээзи" көркөм тасмасы Канадада көргөзүлүп, XXXX эл аралык кино фестивалда баш байгеге ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0