БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. "Кыргызалтын" ишканасы биринчи сорттогу акиташ алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана 100 тонна акиташка 1 миллион 200 миң сомго сарптоого даяр.
Тендер 30-декабрда жарыяланып, мөөнөтү келерки жылдын 20-январында аяктайт.