БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Жаңырган жылдын башында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз +1…+6 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +2…+7 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 0…+5 болсо, Нарында күндүз —5…-10 градус суук болот.