БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен кыргыз элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Россия лидери өтүп бара жаткан жыл ичинде эки тараптуу кызматташууну күчөтүү боюнча алгылыктуу иштер жасалганын билдирген.
"Мындан ары дагы эки өлкөнүн достук мамилелери чыңдала бере турганына толук ишенем. Кыргыз элине тынчтык жана бакубат жашоо каалайм", — деп жазылат куттуктоодо.
Ал эми президент Алмазбек Атамбаевге россиялык кесиптеши ден соолук, бакыт жана ийгилик каалаган.