БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жаңы жыл түнү олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери 30-декабрдан 1-январга чейин күчөтүлгөн режимде иштеди.
"Майрам учурунда өлкө боюнча 7800 милиция тартипти көзөмөлгө алды. Алардын 2600ү Бишкек шаарында кызмат өтөдү", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары ыктыярдуу кошуундар жардамга келип, коопсуздукту сактоого көмөктөштү.