00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Викинг" тасмасында кыргызча ураан салган каскадерлор: чакыруулар көбөйдү

© Фото / предоставлено Жамилем ЖуматаевымКаскадерлор "Викинг" тасмасынын тартылышы учурунда
Каскадерлор Викинг тасмасынын тартылышы учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын соңунда, тагыраагы 29-декабрда дүйнөнүн бардык кинотеатрларында "Викинг" тасмасы көрсөтүлө баштады. Россиялык кинолентаны "Игра престолов" менен "Властелин колец" тасмаларынын аналогу деп атап келишет.

"Адмирал", "Турецкий гамбит", "Дневной" жана "Ночной дозор" тасмаларынын түзүүчүлөрү эң оор трюктарды компьютердик графика менен жасоону ойлогону менен алардын баарын кыргызстандык каскадерлор өздөрү аткарышкан. Тасмада "Сапка тизилгиле, даярдангыла, баарын өлтүргүлө" деген кыргызча ураандарды угууга болот. 

Адискөй каскадерлордон турган Nomad Stunts тобунун мүчөсү Жамил Жуматаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маек куруп, жети жыл даярдык көрүлгөн россиялык тасмага кандайча тартылып калганын айтып берди. 

© Фото / предоставлено Жамилем ЖуматаевымЖамил Жуматаев: биздин каскадердук топ даярдык үчүн 2014-жылы эле чакырылган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой тасманы жаратууга жети жыл, тартууга жарым жыл кетти. Тартуу иштери 2015-жылдын март айында башталган
Процесс съемки фильма Викинг - Sputnik Кыргызстан
Жамил Жуматаев: биздин каскадердук топ даярдык үчүн 2014-жылы эле чакырылган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой тасманы жаратууга жети жыл, тартууга жарым жыл кетти. Тартуу иштери 2015-жылдын март айында башталган

— Жамил, режиссер Андрей Кравчуктун тарыхый тасмасына кандайча тартылып калдыңыз? 

— Биздин каскадердук топ даярдык үчүн 2014-жылы эле чакырылган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой тасманы жаратууга жети жыл, тартууга жарым жыл кетти. Тартуу иштери 2015-жылдын март айында башталган. Тасма негизинен Крымдын Симферопольск районунда, Бахчисарай шаарында жана Севастополь районундагы Фиолент жээгинде тартылган. Анын режиссеру Берлин фестивалынын байге ээси Андрей Кравчук болсо, продюсери Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст, Анатолий Максимов жана Леонид Верещагин болду. 

— Жети жыл тартылган тасманын маани-маңызы эмнеде? 

— Окуя орто кылымдагы Киев Русунда болот. Сюжеттин ортосунда Киевдин улуу князы Святославдын үч уулунун бийлик үчүн тиреши чагылдырылган. Улуу Ярополк аңчылык учурунда этиятсыздыктын айынан өзүнүн агасы Олегди өлтүрүп алат. Ал үчүн кичүү иниси Владимир өч алышы керек болот. 

Тасманы экранизациялоо өткөн жылдын жай айларында аяктаган. Анан бир жыл бою монтаж, прокатка даярдык жана реклама иштери жасалды. Мага жеткен маалымат боюнча тасмага 1,2 миллиард рубль жумшалган. 

— Укмуштуудай таасир калтыруу үчүн сиздин топ кандай трюктарды жасап жатты?

— Биздин команда ат үстүндө ар кандай курал-жарактар менен абдан оор трюктарды көрсөттү. Кайсы бир трюкта каскадерлордун өрттөнгөн жерлери дагы бар. Бул тасманын эң кызыктуу учурлары. 

— Сиздин командада канча каскадер бар? 

— Жалпы тогуз кыргызстандык бала ар кандай трюктарды жасашты. Тартылуу иштерине бир жарым ай даярдык көрдүк. 

Абдан оор трюктарды режиссерлор компьютердик графикалар менен тартууну ойлоп жатышкан, бирок аны биз өзүбүз эле аткардык. 

© Фото / предоставлено Жамилем ЖуматаевымЖамил Жуматаев: "Викинг" тасмасына катышкандан кийин Россиянын башка тасмаларына чакыруулар арбыды. Мисалы, Американын белгилүү "300 спартанцев" тасмасынын аналогу боло турган тарыхый драма "Легенда о Коловрате" фильмине тартылууга сунуштар түштү
Процесс съемки фильма Викинг - Sputnik Кыргызстан
Жамил Жуматаев: "Викинг" тасмасына катышкандан кийин Россиянын башка тасмаларына чакыруулар арбыды. Мисалы, Американын белгилүү "300 спартанцев" тасмасынын аналогу боло турган тарыхый драма "Легенда о Коловрате" фильмине тартылууга сунуштар түштү

— Аракетиңиздерди режиссерлор менен продюсерлер кандай кабыл алышты? 

— Абдан жакшы кабылдашты. "Викинг" тасмасына катышкандан кийин Россиянын башка тасмаларына чакыруулар арбыды. Мисалы, Американын белгилүү "300 спартанцев" тасмасынын аналогу боло турган тарыхый драма "Легенда о Коловрате" фильмине тартылууга сунуштар түштү. Биздин ишти тийиштүү деңгээлде баалаган режиссер жана актер Владимир Епифанцев менен тааныштым. 

— Дагы кандай чет элдик тасмаларга тартылдыңыздар эле?

— Биздин активде "Неудержимые-2", "47 ронинов", "Конан Варвар", "Мың бала", "Шал", "Рэкетир" жана "Марко Поло" менен "Эртургрул" сериалдары бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0