БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкектин түндүгүндө жүргүнчү ташыган кичи автобус эркек адамды сүзүп кетип, айдоочусу окуя болгон жерден из жашырган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына Бишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Окуя жума күнү кечки саат 23:00дө Дэн Сяопин проспектиси менен Патриса Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Күбөлөр адамды сүзүп кеткен унаанын мамлекеттик номерин байкап калып, Кайгуул милициясына кабарлашкан. Натыйжада күбөлөр айткан мамномерлүү №138 маршрутканы табышкан.
"Унаадан кагышуу белгилери менен чийиктер табылган жок. Мындан улам айдоочу кое берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда жол кырсыгынын күнөөкөрү изделип жатат. Ал эми жабырлануучу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.