БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жолдон өтүп баратканы кишини коюп токтобой кеткен айдоочунун артынан таксист менен окуяга күбө болгон жай тургун кууп жөнөгөн. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул милициясы билдирди.
Буга чейин жума күнү саат 23.00дөр чамасында Дэн Сяопин проспектиси менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинде маршрутка 61 жаштагы адамды коюп, айдоочу из жашырып кеткен. Жабырлануучу оор абалда Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.
![Предполагаемое маршрутное такси, которое на пересечении проспекта Дэн Сяопина и улицы Патриса Лумумбы сбило 61-летнего пешехода Предполагаемое маршрутное такси, которое на пересечении проспекта Дэн Сяопина и улицы Патриса Лумумбы сбило 61-летнего пешехода - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103115/97/1031159728_0:0:936:536_600x0_80_0_0_75e23c18d967c79be558d6f91ecca1f4.jpg)
"Бустун артынан эки машина кууп жөнөгөн. Бирок тумандан улам аны таппай калышкан. Биздин маалымат боюнча маршрутка Дэн Сяопин проспектиси менен чыгыш тарапты көздөй баратып, Кайназаров көчөсүнө бурулуп кеткен. Куугунчулар ал жерден түз эле өтүп, натыйжада таппай калышкан", — деди Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаров.
Учурда адамды коюп кеткен айдоочу изделип жатат. Көргөн-билгендер болсо 53-22-33, 53-01-81, 0772 18-88-21 телефондору аркылуу байланышса болот. Милиция из суутуп кеткен айдоочуну өз эрки менен бөлүмгө келүүгө чакырууда.