БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстанда өткөн таэквондо чемпионатында кыргыз спортчулары байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Таэквондо федерациясынын Ысык-Көлдөгү бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Каимов Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди.
Анын айтымына караганда, Кыргызстандын капчыгына 3 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль буюрган.
© © SputnikКазакстанда өткөн таэквондо чемпионатындагы кыргыз спортчулары
![Чемпионат по таэквондо в Казахстане Чемпионат по таэквондо в Казахстане - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103119/24/1031192417_0:0:1280:960_600x0_80_0_0_0e73b4bf8263ecb3e33ef3e466bd8aa9.jpg)
Казакстанда өткөн таэквондо чемпионатындагы кыргыз спортчулары
© © Sputnik
"Казакстандын Алматы шаарында өткөн чемпионатка Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жети өспүрүм барган. Алардын бардыгы байгелүү орундарга ээ болушту", — деди Каимов.
Байгелүү кайткан спортчулар:
- Махабат Жеңишбекова — 50 килограмм салмакта 1-орунду ээлеген;
- Алия Шейшенбекова — 58 килограмм салмакта биринчи жана тыль боюнча 3-орунду ээлеген;
- Нурсулуу Азаматова — 26 килограмм салмакта 1-орун;
- Рамазан Бисенгалиев — 20 килограмм салмакта 2-орун;
- Нурдөөлөт Максатов — 22 килограмм салмакта 2-орун;
- Байчоро Мамытбеков — 36 килограмм салмакта 2-орун.
- Илгиз Асаналиев — 40 килограмм салмакта 3-орунду ээлеген.