ОШ, 12-янв. — Sputnik. Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын эмгек жамааты калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайды оңдоп-түзөө иштерине бир күндүк эмгек акысын которуп берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башкы архитектору Ажимурат Жолдошов Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди.
![Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын эмгек жамааты калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайды оңдоп-түзөө иштерине бир күндүк эмгек акысын которуп берди Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын эмгек жамааты калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайды оңдоп-түзөө иштерине бир күндүк эмгек акысын которуп берди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103122/14/1031221491_0:58:1032:707_600x0_80_0_0_9598b7d507bd360a8defa8451349dcb5.jpg)
![Маалыматка ылайык, эс алуу багынын жалпы аянты 9 гектар жерди ээлейт. Ал 1919-жылы негизделген. 2019-жылы эс алуучу жайдын уюштурулганына 100 жыл толот. Маалыматка ылайык, эс алуу багынын жалпы аянты 9 гектар жерди ээлейт. Ал 1919-жылы негизделген. 2019-жылы эс алуучу жайдын уюштурулганына 100 жыл толот. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103122/15/1031221566_0:125:1031:774_600x0_80_0_0_28ac511be2be8971fa3e39d742b6e0f8.jpg)
"Учурда башкармалыкта 92 адам эмгектенет. Бардык кызматкерлер демилге көтөрүп, Ош шаарынын жашоочулары эс ала турган сейил бактын оңдолушун колдоого алышты", — деди Жолдошов.
Маалыматка ылайык, эс алуу багынын жалпы аянты 9 гектар жерди ээлейт. Ал 1919-жылы негизделген. 2019-жылы эс алуучу жайдын уюштурулганына 100 жыл толот.
Ал эми Ош шаардык мэриясынан билдиргендей, эс алуу багын оңдоп-түзөө иштери ушул жылы башталып, эки жылдын аралыгында толугу менен бүткөрүлөт.