Жээнбеков: айкелдин жанынан өткөн-кеткен адам Манастын арбагына таазим этип турат
Ачылыш салтанатына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышып, айкелдин көп улуттуу Кызыл-Кыя шаары үчүн мааниси өтө чоң экенин айтты.
"Элүүдөн ашык улуттун өкүлдөрү жашаган Кызыл-Кыя шаарында баардык улуттардын тагдырлары бир болгон. Бул жерде Айкөл Манастын эстелигин орнотуу менен көп элдин көөнүн толтураар иш баштадыңар. Өткөн-кеткен адам Манас бабабыздын арбагына таазим этип турат", —деди премьер.
Жаңы айкел Манаска коюлган эстеликтер арасында Кыргызстан боюнча экинчи орунда турат. Биринчи орунду бийиктиги 24 метрди түзгөн Ош шаарындагы эстелик ээлейт.