БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкекте коомдук ажаткана куруу иштери уланып жатканын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда борбор калаада үч ажаткана иштеп жатат. Анын бири ноябрь айында бүтүп, улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабына орнотулса, азыр Раззаков көчөсү менен Киев көчөлөрүнө салынып жаткан эки ажаткананын курулушу аягына чыкты.
![Учурда борбор калаада үч ажаткана иштеп жатат. Учурда борбор калаада үч ажаткана иштеп жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103125/15/1031251595_0:17:1279:822_600x0_80_0_0_c06ac219f6da95e346cc8b5c828b3dbc.jpg)
![Анын бири ноябрь айында бүтүп, улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабына орнотулса, азыр Раззаков көчөсү менен Киев көчөлөрүнө салынып жаткан эки ажаткананын курулушу аягына чыкты. Анын бири ноябрь айында бүтүп, улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабына орнотулса, азыр Раззаков көчөсү менен Киев көчөлөрүнө салынып жаткан эки ажаткананын курулушу аягына чыкты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103125/16/1031251601_0:49:1279:854_600x0_80_0_0_79e40b97362b0d588c345a82667e528e.jpg)
![Учурда курулуп бүткөн ажатканалар Зеленстрой ишканасынын балансына өткөрүп берилди. Учурда курулуп бүткөн ажатканалар Зеленстрой ишканасынын балансына өткөрүп берилди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103125/16/1031251607_0:0:1280:804_600x0_80_0_0_2e281aa243061c12ebe6a7452b9294a3.jpg)
"Дааратканада үч кабина бар, анын бири майып адамдар үчүн ылайыкташкан. Пандустар орнотулуп, коляска үчүн аянтча каралган. Туалетке кирүү акысы 10 сом болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда курулуп бүткөн ажатканалар "Зеленстрой" ишканасынын балансына өткөрүп берилди.
Мындан сырткары 2017-жылдан тарта борбордун бир катар жерлерине да ажатканалар курула баштайт. Аларды кайсыл жерлерге куруу керектигин атайын комиссия аныктаган.
- Пушкин — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиде;
- Горький атындагы сейил багы;
- Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багы;
- Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Ала-Арча – Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилиши;
- Рыскулов – Коенкозов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркы;
- Бишкектин 125 жылдыгына арналган маданият жана эс алуу паркынын аймагы;
- Ата Түрк паркынын айланасы, Шакиров көчөсү;
- Жантөшев көчөсү; Рыскулов – Жаш Гвардия бульвары;
- Айни – Дагенстан көчөлөрүнүн кесилиши;
- Москва – Жаш Гвардия бульвары;
- Фучик паркы;
- Чүй проспектиси – Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Абдырахманов – Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши.
Салына турчу коомдук ажатканалар бардык санитардык талаптарга жооп берип, шаардык бюджеттен каржыланмакчы.
Бишкекте курула турган 18 ажаткананын картасын Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүз>>