БИШКЕК, 18-янв. Sputnik маалымат кызматы, — Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу эл аралык маалыматтык өнөктөш катары "Ты супер!" шоусунун Кыргызстандагы долбооруна катышкан жаш таланттарга колдоо көрсөтөт. Ал — НТВ каналынын алдын ала жүргүзгөн кастингинде тандалып алынган Урмат Мырсаканов.
НТВ каналынын "Ты супер!" долбоору ата-энелердин камкордугусуз калган талантуу балдарга өзүн эл алдына алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Сынакка балдар үйүнүн, мектеп-интернаттардын жана асырап алынган үйлөрдүн балдарынын катышуусуна мүмкүнчүлүк берилген. Шоунун жүрүшүндө Sputnik өлкөдөгү окурмандарга балдардын ийгиликтери тууралуу онлайн-күндөлүк түрүндө жана түз да алып көрсөтүп берип турат. Ал эми социалдык тармактардын расмий аккаунттарында каалоочулар сынактын каалаган катышуучусуна добуш бере алат.
"Ты супер!" конкурсу Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Музыка жаатында таланттуу балдар КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринен келишет. Буга бардыгы болуп тогуз өлкөнүн балдары катышат. Алардын катарында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова, Казакстан, Кыргызстан жана Эстония бар. Долбоорду Вадим Такменев алып барат. "Ты супер!" долбоорунун премьерасы НТВ каналында 18-февраль күнү башталат.
Долбоор тууралуу толук маалыматты НТВ каналынын сайтынан алууга болот. Музыкалык таланттар жөнүндөгү маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуп турууга болот.
НТВ – Россиядагы эң ири мамлекеттик эмес телекомпания. Эфирге 1993-жылы чыгып, телеканалдардын арасынан алдыңкы үчилтикке кирген.
НТВ Россиянын бардык субьектилеринде тартып, 99,2 пайыз элди камтыйт. Ал эми чет өлкөдө жашаган орус тилдүү көрөрмандар үчүн НТВ эки эл аралык версияда иш алып барат – НТВ-Мир жана НТВ-Америка.
НТВ каналы түзүлгөндөн бери негизги тележанрларды мыкты өздөштүрүп келет. Журналисттик иликтөөлөр, коомдук көйгөйлөргө багытталган талкуулар жана эң башкысы жаңылыктар менен аналитика НТВнын негизги багыты.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.
Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.