БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу беренелери боюнча күнөөлөнүп жатканын Башкы прокуратура билдирди.
Ошондой эле Алай РИИБдин ага оперкызматкери А.Б. кызматтан алынып, аймактык инспектор М.А., К.Э. жана ыкчам топтун кызматкери Э.С. ээлеген кызматынан төмөндөтүлгөн.
Ал эми өз кызматын так, кызматтык дисциплинаны сактабагандыгы үчүн Алай РИИБдин убактылуу кармоо жайынын жетекчиси, Алай РИИБдин тергөө бөлүмүнү жетекчиси, Алай РИИБдин жетекчиси, РИИБ жетекчисинин эки орун басары кызматынан алынды.
Эске салсак, Алай РИИБдин тергөөчүсүн кармоодо аталган ички иштер бөлүмүнүн бул 15-20дай кызматкери тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жараткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.