БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу Сосновка өткөрүү пункту убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Билдирмеге караганда, чектөөлөр бардык унаалар үчүн киргизилген.
"Бүгүн саат алтыдан тарта Бишкек — Ош унаа жолунун 255-чакырымына үч миң куб метр кар көчкү түшүп жол убактылуу жабылды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда жолду тазалоо үчүн бир грейдер, бир самосвал жана бир жүктөгүч тартылган.