ОШ, 24-янв. — Sputnik. Ырчы жана куудул Жеңиш Айтиевдин 12 жашар уулун өлтүрүүгө шектелген 23 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Чыңгыз Мырзабеков аймактык кабарчыга билдирди.
Айтиевдин баласын өлтүрүүгө шектелген жарандын соту бүгүн болуп, өкүм чыгарылды.
"Шектүү жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 5-6-пунктары боюнча кылмыш иши козголгон. Анын күнөөсү далилденип өмүр бою эркинен ажыратылды. Мыйзамга ылайык өмүр бою эркинен ажыратуу эң оор жаза болгондуктан соттун өкүмүнө биздин каршылыгыбыз жок. Апелляциялык арызы менен эч жакка кайрылбайбыз", — деди жактоочу.
"Медициналык экспертизанын корутундусу соттолуучуну акыл-эси соо деп тапты. Сот отурумунда ал акыркы сөз айтуудан баш тартты", — деди ал.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын октябрь айынын аягында Ош шаардык милициясына Гостелло көчөсүнөн белгисиз адам 12 жаштагы өспүрүмдү бычактаганы боюнча маалымат келип түшкөн. Кылмышка шектүү ошол эле жерден кармалган.