00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Темирова: англиялык режиссер Бишкекте "Макбет" спектаклин коёт

© Фото / Ника ЖолдошеваКыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Алтынай Темированын архивдик сүрөтү
Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Алтынай Темированын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз драма театрынын өкүлү күздө театр сезонун "Макбет" менен ачышы мүмкүндүгүн айтты.
Темирова: англиялык режиссер Бишкекте "Макбет" спектаклин коёт

Уильям Шекспирдин Англиядагы "Глобус" театрынын режиссеру жана актрисасы Сара Жейн Бергер марттын соңунда Кыргызстанга келип, "Макбет" спектаклин коюу боюнча даярдыкты баштайт. Бул туурасында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Алтынай Темирова Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Сара Жейн Бергер бир жагынан 21-мартта бизде өткөн Ноорузду көрүп, театрыбыздын 90 жылдык юбилейине катышып, Кыргызстан менен таанышайын деген окшойт. Ал эми  негизги максат  — артисттер менен таанышып, "Макбеттеги" кайсы ролду кайсы актер ойнорун пландап, аныктоо. Ал эми күзүндө, буюрса репетиция башталат", — деди Темирова.

Вручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс - Sputnik Кыргызстан
"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды
Ал күздө аталган театр сезонун "Макбет" менен ачып калышы мүмкүндүгүн айтты.

Темирова "Макбетти" Кыргызстандын театр сахнасына алып чыгууда кеткен каражатты демилге көтөргөн тарап көтөрө турганын кошумчалады.

"Макбет" — Уильям Шекспирдин белгилүү трагедияларынын бири. Чыгарма Шотландия падышасы Макбеттин жашоосунан алып жазылган. Анда Шекспир бийликке жетүү үчүн адамдардын жан талашуусу, достордун сатып кетүүсү, адамзаттын утурумдук кызыкчылык үчүн пендечилиги чагылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0