БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Дубайда сойкулукка мажбурланды делген кыз 25-январда таңкы саат 4:40тар чамасында Бишкекке келип конгонун Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.
2016-жылдын 29-декабарында акыйкатчы Кубат Оторбаевге Бишкек шаарынын тургуну 27 жаштагы кызын Дубайдан таап, кайтарып келүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жарандын айтымында, анын кызы 23-декабрда Дубайга иштөө үчүн кеткен.
![Кыргызстанка, освобожденная из сексуального рабства в Дубае, в аэропорту Манас Кыргызстанка, освобожденная из сексуального рабства в Дубае, в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103142/99/1031429915_0:0:790:528_600x0_80_0_0_6125a4f3914352b165a8ba4da3abfcc1.png)
Апасынын билдирүүсүнө караганда кызын аталган шаарда сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан, баш тартканда сабап, кордошкон. Акыйкатчы институту менен Тышкы иштер министрлигинин аракеттери менен ал кыз табылган.
"Манас аэропортунан аны апасы, 7 жана 3 жаштагы балдары, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү тосуп алышты. Маектешүүнүн жыйынтыгында, апасынын кооптонуулары тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.
Акыйкатчы институту издөө иштерине жана кызды кайтарууга жардам берген бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.