БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров учурда камалып турган №1 убактылуу кармоо жайынын жетекчисине кат жазып, ачкачылык кармаганын расмий маалымдаган. Бул туурасында Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Эске сала кетсек, мындан эки күн мурда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун аппеляциялык арызын карап, өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чыккан өкүмдү күчүндө калтырган.
Жаза аткаруу кызматынын маалыматында ал абактын кызматкерлерине эч кандай нааразычылыгы жок экендигин жазганы айтылган.
"Аскаров дарыгерлердин көзөмөлдөп туруусуна каршылыгы жоктугун айтып, бирок дары-дармектерди ичүүдөн жана ийне сайдыруудан баш тартты. Жетекчиликке жазган катында эгерде көзү жумулуп кетсе, аялы менен укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Абдымомун Мамараимовго билдирип коюсун өтүнгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Абактын дарыгерлери анын абалын көзөмөлдөп жана саламаттыгынын начарлап кетишине жол бербей турганын билдиришти.
Буга чейин айрым эл аралык уюмдар Аскаровду бошотуу талабы менен кайрылып, 2016-жылдын июль айында Германиянын канцлери Ангела Меркелден да Кыргызстанга болгон сапарында Аскаровду бошотууга жардам берүүсүн суранган.