Акимжан Эргешов: муфтият 4 миллионго чукул акчаны таратып берди
Каражат каза болгондордун жакындары менен жабырлануучуларга берилгенин Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов билдирди.
"Авиакырсыктан жабыркагандар үчүн мечит, медреселерде жардам кутучалары коюлган. Жалпы 3 миллион 885 миң 500 сом чогулуп, бүгүн таратылып берилди. Ошол каражаттан ар бир кайтыш болгондордун жакындарына 100 миң сомдон бердик. Ал эми жабырлануучуларга 20 миңден бөлдүк", — деди Эргешов.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын (105 миң 700 сом) кырсыктан жабыркагандарга которгон.