БИШКЕК, 01-фев. — Sputnik. Актер Жонни Дептин ишин көптөн бери жүргүзүп келген Management Group компаниясы түзүлгөн келишимди бузуп, акчасын максатсыз чачкандыгы жана алдамчылыгы үчүн актерду сотко берди. Бул тууралуу РИА Новости Wall Street Journal гезитине таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, сотко берген компания жетекчилери Деппти айына 2 миллион акча коротуп "өзүмчүл, жоопкерчиликсиз жашоо менен жашайт" деп айыпташкан.
Документке ылайык, Депп 75 миллион долларын Багам аралдарынан 14 үй алууга, 18 миллион долларын ар түрдүү кемелерди алууга короткон. Дагы бир канча миллион акчасын баалуу буюмдарды, коллекциялык гитараларды алганга сарптаган.
Арызда жазылгандай, Депп айына шарапка эле 30 миң доллар сарптаса, үйүнө 40 кызматчы алып, аларга айына 300 миң доллар төлөп берчү. Ал эми 150 миң доллар жылдыздын күзөтчүлөрүнө төлөнүп келген.
Басылманын берген билдирүүсүнө ылайык, мурда Депп аталган компанияны "миллиондогон акчасын ошолор үчүн жоготконун" айтып сотко берген. Ошондой эле актер менеджерлерин убагында салык төлөбөгөндүгү үчүн айыптап, 25 миллион доллардын тегерегинде компенсация төлөп берүүсүн талап кылган. Ал эми Депптин менеджерлери актердун арызын "негизсиз" деп эсептешүүдө.