БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы белуха кити тартылган дубал ак түскө боёлгонун граффитинин авторлорунун бири Сергей Келлер Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
![Борбор калаадагы белуха кити тартылган дубал ак түскө боёлгон Борбор калаадагы белуха кити тартылган дубал ак түскө боёлгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101733/47/1017334780_0:0:3000:1885_600x0_80_0_0_4007efdb1aad7c30f499d9bd4837eb11.jpg)
![Буга чейин милиция кызматкерлери Чүй преспектиси жана Панфилова көчөсүндөгү дубалга тартылган белуха кити боюнча териштирүү баштаганы маалымдалган Буга чейин милиция кызматкерлери Чүй преспектиси жана Панфилова көчөсүндөгү дубалга тартылган белуха кити боюнча териштирүү баштаганы маалымдалган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103156/09/1031560967_0:0:858:540_600x0_80_0_0_f61c7f2c6582e22e03edeebf2dec3ca1.jpg)
![Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы граффитини боё боюнча эч кандай чаралар көрүлбөгүнүн билдирди. Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы граффитини боё боюнча эч кандай чаралар көрүлбөгүнүн билдирди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103156/10/1031561085_93:0:854:478_600x0_80_0_0_1a3cd519bdd51c74826c13c57a9e83bb.jpg)
Буга чейин милиция кызматкерлери Чүй проспектиси жана Панфилова көчөсүндөгү дубалга тартылган белуха кити боюнча териштирүү баштаганы маалымдалган.
"Абдан өкүнүчтүү. Эмне болгонун так билбейм, билишимче үйдүн ээси дубалды боёп салыптыр. Эми аны деле түшүнсө болот. Себеби социалдык тармактарда киттин айынан чоң талкуу болду. Башка жагынан карай турган болсок, дал ушул кит тууралуу сөз болуп жаткан эмес эле да", — деди Келлер.
Эске салак, кыргызстандык өспүрүмдөр социалдык тармактар аркылуу "морекитов", "тихий дом", явигре" жана "разбудименяв420" хэштегдери менен бөлүшө баштаганы айтылган. Ал эми Россиянын укук коргоо органдары өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салып жатышына аталган хэштегдердин тиешеси бар экенин билдирген.