БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Стамбулга Манастын айкелин коюуга шаар мэриясы колкабыш кылуу ниетин билдиргенин жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
![Установка памятника Манаса в Стамбуле Установка памятника Манаса в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103154/71/1031547151_0:0:960:1280_600x0_80_0_0_b8d82dac652ed90e69b291f1a8ba4aaf.jpg)
"Мэрдин атынан келген расмий катта даярдалып жаткан Айкөл Манас айкели орнотула турган тарыхый Халич кысыгындагы Сүтлүже паркын кыргызча көркөмдөп жасалгалоо жана айкел тургузулуучу аянтчанын курулуш чыгымдарын каржылоого мэрия даяр экендиги айтылат", — деди Сарлыкбек уулу.
Эске салсак, былтыр май айында Стамбул шаарындагы Сүтлүже паркына Манас баатырдын эстелигин коюу үчүн жер бөлүнгөн.
![Стамбулга Манастын айкелин коюуга шаар мэриясы колкабыш кылуу ниетин билдирген Стамбулга Манастын айкелин коюуга шаар мэриясы колкабыш кылуу ниетин билдирген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102968/04/1029680412_105:0:1938:1151_600x0_80_0_0_f80540a2e9ecb215b3a070b795c5006d.jpg)
![Эске салсак, былтыр май айында Стамбул шаарындагы Сүтлүже паркына Манас баатырдын эстелигин коюу үчүн жер бөлүнгөн. Эске салсак, былтыр май айында Стамбул шаарындагы Сүтлүже паркына Манас баатырдын эстелигин коюу үчүн жер бөлүнгөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103154/71/1031547157_0:0:739:464_600x0_80_0_0_30fbcae1278e2e2e331d9b4d18e9ed6c.jpg)
Сарлыкбек уулу ошондой эле Манастын ат минип турган эстелигин Стамбул шаарында белгилүү айкелчи Садабек Ажиев жана анын окуучусу Токталы Мурзакаримов жасап жатканын айтып, учурда иштин жарымы аяктап калганын кошумчалады.
Айкелдин жалпы бийиктиги 8 метрге жакын болуп, жаз айларында толук бүткөрүлөт.
Айкелди тургузууну ишкер толугу менен өзүнө алган.