Ата-энемдин телефондон "уулум" деген сөзүн укканымда айылга жетеленем
Арасында жүрсө дагы булуттун,
Адам кантип өскөн жерин унутсун, — демекчи туулуп-өскөн айылдын салкын абасы, суулары жана ак карлуу тоолору азыркыга чейин көз алдымда элестеп турат. Чындыгында учурда жумуштун көптүгүнөн улам айылга барууга дагы убакыт болбой калат. XXI кылым технологиянын жетишкен мезгилинде уюлдук телефон аркылуу апама же атама коӊгуроо кылганымда "уулум" деген сөздү укканда балалык кездеги көз ирмем дароо ошол мезгилге жетелейт. Кат жазуу дегенде эле ошол балалык кездеги баёо сезимдерди эске салат тура. Алла Таала бул дүйнөнү канчалык кооз кылып жаратса дагы кичи мекениңдин кооздугу алмаштыргыс чоӊ байлык.
Мен 1973-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа айылында карапайым соодагердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Алты бир туугандын кенжесимин.
Ооба, балалыктын бактылуу күндөрүн айылдан өткөрүп, билимдин очогун баштатып, "А" тамгасын тааныткан алгачкы мугалимиӊ эсиӊе келбей койбойт экен. Үй-бүлөдө алты баланы тарбиялап чоӊойткон ата-энемдин эмгеги, мээнети жана асыл сөздөрү, даанышмандуу накыл кептери келечегибиз үчүн бойлой кеткен алтын дубал болду десек адашпаспыз.
"А" тамгасын Евдокия Петровна эжекем тааныткан
Эсимде, балалыктын алтын убактарын тоо койнунда өткөрүп, аксакалдуу аталардын нускалуу кептерин ар убакта угууга ынтызар элек.
Эсимде, мектеп босогосуна жаӊыдан кадам таштап, билимдин маанилүүлүгүн, татыктуу илим алуудагы алтын сыпаттарды алгачкы мугалимим Гуванова Евдокия Петровна эжекебизден үйрөндүк.
Эсимде, ата-энебиз биздин келечек үчүн жан үрө эмгектенип, татыктуу уулдарды тарбиялады, албетте, Алла Тааланын жардамы менен.
Мен да учурда төрт уул, эки кызыма татыктуу тарбия берүүгө жан үрөп аракет кылып келем. Алардын мекендин, элдин керегине жарап, адамзат үчүн жакшылыктын үрөнүн чачкан адамдардын болушун тилейм.
Адамга рахмат айталбаган, Аллага рахмат айталбайт
Каным тамган айылыма кат жолдоп жатып, башка мекендештерим сыяктуу эле аманчылык, бакубаттык каалаган уулуңар Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.