БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. 2017-жылдын аягына чейин электр энергиясынын баасы колдонуучулар үчүн көтөрүлбөй турганын Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Аталган агенттик директор Таалайбек Нурбашевдин расмий билдирүүсүн таратты.
"Электр энергиясынын тарифи 2017-жылы өзгөрбөйт", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда электр энергиясынын баасы кымбаттай турганындыгын буга чейин айрым интернет-басылмалар жазып чыккан.