БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернавалуу жолунун курулушунун алкагында Нарын дарыясы аркылуу өтө турган эстакадалык эки көпүрө курула турганын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
![Эскиз эстакадного моста на альтернативной дороге север — юг Эскиз эстакадного моста на альтернативной дороге север — юг - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103167/21/1031672114_0:0:2048:1153_600x0_80_0_0_ce71b28e1e51b4f6426a6aa80a5db8fa.jpg)
Курулуштун экинчи фазасынын (Арал — Казарман жолунун 195-291 чакырымдары) алкагында төрт тоннель салуу каралган. Бирок кошумча жолдордун салынышы менен долбоорду оптималдаштыруу чечими кабыл алынган.
"Мында №2 жана №3 тоннелдерди эстакадалык көпүрө менен алмаштыруу пландаштырылып жатат. Алардын узундугу 396 жана 1086 метрди түзмөкчү. Ар биринин туурасы 13,5 метр болот. Азырынча көпүрөлөрдүн чыгымы тактала элек", — деп айтылат маалыматта.
![Эскиз эстакадного моста на альтернативной дороге север — юг Эскиз эстакадного моста на альтернативной дороге север — юг - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103167/21/1031672170_0:0:660:886_600x0_80_0_0_0fc3954de2d7395e62e93ce3a1253704.jpg)
Мекеменин айтымында, трасса Нарынды бойлой кеткен ичке жолдон өтүп, чукул бурулуштардан улам бир жээктен экинчи жээкке чыккан кыйма-чийме жол болот. Учурда жол салынып бүтө элек. Калган эки тоннель да курула элек, ал тоону айланып өткүдөй болуп салынары белгиленди.
I фаза Кызыл — Жылдыз, Арал, Казарман айылдары менен Жалал-Абадды бириктирип, узундугу 154 чакырымды түзөт. Анын алкагында Көк-Арт ашуусуна 3,7 чакырымдык тоннель курулат.
II фаза Арал — Казарман маршруту менен өтүп, 96 чакырымга жетет. Бул бөлүккө да 700 метрлик тоннель салынат.
III фаза 183 чакырымды түзүп, Балыкчы менен Кызыл-Жылдыз айылын бириктирмекчи.
Долбоордун эки фазасы Кытай тарабынан каржыланат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн Бишкек — Ош жолу байланыштырып турат.