БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Республикадагы 1-класстын окуучулары кошумча каникулга чыкканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
"Министрликтин окуу планына ылайык, район жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрү менен макулдашуунун негизинде эс алуу күндөрү бекитилди", — деп айтылат маалыматта.
Мында аймактагы башкармалыктар каникулдун мөөнөтүн өз алдынча бекитүүгө укуктуу. Мектептердин көбүндө эс алуу 13-февралдан тарта башталды.