БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу кар жаашы мүмкүн.
Нарында түнкүсүн —11…-16, күндүз —5…-10 градус суук болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн —2…-7 суук болсо, күндүз 1…6 градуска чейин жылыйт.
Чүй менен Талас облустарында түнкүсүн —3…-8 градус суук болсо, түнкүсүн 0…5 градус жылуу болот. Ал эми Баткенде аба ырайынын температурасы 7 градуска чейин жылыйт.