БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди Башкы прокуратура суракка чакырганын эл өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Алмазбек Атамбаев анын чет өлкөдөгү мүлкү тууралуу депутат Өмүрбек Текебаевдин билдирүүлөрүн текшерип чыгып, мыйзамда каралган чараларды көрүүнү Башкы прокуратурага тапшырган болчу.
"Башкы прокуратура эртеңкиге мени суракка чакырды. Бирок мен эртең бош болбогондугума байланыштуу бүрсүгүнкүгө жылдырдык", — деди ал.
Текебаев өз сөзүндө сурак президенттин берген тапшырмасынын алкагында болушу ыктымалдыгын боолголоду.