Тербишалиев 11-февралда өткөн беттешке 20дан ашык мамлекеттин спортчулары катышканын билдирди.
"Мен күрөштүн эки түрү боюнча чыктым. Биринчиси кимано, экинчиси грэпплинг деп аталат. Эми болсо үстүбүздөгү жылдын апрель айында Абу-Дабиде өтө турган дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүп жатам", — деди спортчу.
Ал учурда машыгуу залына барып камынып жатканын белгиледи.
"Жалпысынан чемпионатка болгон даярдык жакшы өтүүдө. Бирок убакыт тар болуп жетише албай калып жатам. Негизинен физикалык жактан даярдыгым жакшы эле. Күрөш мен үчүн жаңы спорт болгондуктан техникалык жагын күчтөшүм керек болуп жатат. Себеби кичинемден тарта бокс менен машыккандыктан күрөш мен үчүн оорураак болууда", — деп кошумчалады Тербишалиев.
Жиу-житсу — бул күрөштүн бир түрү. Анда муунтуу жана кайруу ыкмалары колдонулат. Бул байыркы япон күрөштөрүнүн бир түрү болуп эсептелет.