БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркелди "Курманжан датка" ордени менен сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын малымат кызматынан кабарлашты.
Президент орденди Германиянын Мюнхен шаарына болгон иш сапарынын алкагында тапшырган.
![Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркелди Курманжан датка ордени менен сыйлады. Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркелди Курманжан датка ордени менен сыйлады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103182/45/1031824596_0:0:2047:1286_600x0_80_0_0_c338bd367b26c5fcb1cb48ac1967ad0c.jpg)
![Президент орденди Германиянын Мюнхен шаарына болгон иш сапарынын алкагында тапшырган. Президент орденди Германиянын Мюнхен шаарына болгон иш сапарынын алкагында тапшырган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103182/46/1031824608_0:40:2047:1327_600x0_80_0_0_0e49ca25aedf2594dbe2d1c68bd8feb7.jpg)
![Орден Ангела Меркелдин кыргыз-герман мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымы жана дипломаттык мамилелердин 25 жылдык юбилейине карата берилди Орден Ангела Меркелдин кыргыз-герман мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымы жана дипломаттык мамилелердин 25 жылдык юбилейине карата берилди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103182/46/1031824602_0:0:2048:1287_600x0_80_0_0_e20066499084a71bd5e96ac7ca968b3e.jpg)
![Белгилей кетсек, 2016-жылдын ноябрь айында Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Курманжан Датка ордени жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Ангела Меркель ордендин алгачкы ээси болуп калды. Белгилей кетсек, 2016-жылдын ноябрь айында Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Курманжан Датка ордени жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Ангела Меркель ордендин алгачкы ээси болуп калды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103182/46/1031824614_0:0:1920:1208_600x0_80_0_0_af02bb25f396abb0eb78e2cd5d799e50.jpg)
"Орден Ангела Меркелдин кыргыз-герман мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымы жана дипломаттык мамилелердин 25 жылдык юбилейине карата берилди", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын ноябрь айында Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын "Курманжан Датка" ордени жөнүндө" Жарлыкка кол койгон. Ангела Меркель ордендин алгачкы ээси болуп калды.
Ушул күндөрү Алмазбек Атамбаев Германияда иш сапары менен жүрөт. Буга чейин Брюселлде бир топ жолугушууларды өткөргөн.