БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Шайырлар жана тапкычтар оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында "Азия MIX" командасына 300 миң сом бөлө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
![Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Шайырлар жана тапкычтар оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында Азия MIX командасына 300 миң сом бөлө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Шайырлар жана тапкычтар оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында Азия MIX командасына 300 миң сом бөлө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103192/86/1031928695_37:0:1452:890_600x0_80_0_0_9949b27e3ef4c170dd649a009de7a8b6.jpg)
![Эскерте кетсек, кыргызстандык команда 2016-жылдын жыйынтыгы менен КВН оюнунун Жогорку лигасында жеңишке жетишкен. Эскерте кетсек, кыргызстандык команда 2016-жылдын жыйынтыгы менен КВН оюнунун Жогорку лигасында жеңишке жетишкен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103192/87/1031928758_0:68:1533:1033_600x0_80_0_0_1959c0a26bab66c110431e87e802787b.jpg)
Эскерте кетсек, кыргызстандык команда 2016-жылдын жыйынтыгы менен КВН оюнунун Жогорку лигасында жеңишке жетишкен.
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Акылбек Осмоналиев "КВНдин Ала-Тоо расмий лигасы" коомдук бирикмеси менен жолугушуу учурунда улуу муун кыргызстандык команданын аталган оюнга катышуусун кыялданып келгенин белгиледи.
"Бирок эч ким Жогорку лигага чыгып, жеңишке жетишерин ойлогон эмес. Силердин күч-кубатыңар, өзгөчө тамашаңар көптүн оюн ишке ашырды. Абдан татыктуу атаандаш болдуңар", — деди Осмоналиев.
Аппарат жетекчиси команданын көргөзгөн эрдиги жаштардын ишенимин арттырганын кошумчалады.