БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев апрель окуясынын катышуучулары жана каза болгондордун жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
![Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев апрель окуясынын катышуучулары жана каза болгондордун жакындары менен жолугушту Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев апрель окуясынын катышуучулары жана каза болгондордун жакындары менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103196/03/1031960302_0:0:1599:1004_600x0_80_0_0_cd074c28a6972ebbbe54bbfd14ffecb1.jpg)
![Маалыматка ылайык, жолугушуу Мекен шейиттери, Айкөл-Ала-Тоо, Эр Теги жана Апрель байрагы коомдук бирикмелеринин өтүнүчү боюнча уюштурулган Маалыматка ылайык, жолугушуу Мекен шейиттери, Айкөл-Ала-Тоо, Эр Теги жана Апрель байрагы коомдук бирикмелеринин өтүнүчү боюнча уюштурулган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103196/02/1031960248_0:83:1600:1089_600x0_80_0_0_5dad75b3e9c3d9768637d9c4b3179c74.jpg)
![Иш-чарада учурдагы өлкөдөгү кырдаал тууралуу сөз болуп, анда 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары жана жаракат алган жарандар айрым саясатчылардын кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартуудан качууга аракеттенип жатканын айтышты Иш-чарада учурдагы өлкөдөгү кырдаал тууралуу сөз болуп, анда 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары жана жаракат алган жарандар айрым саясатчылардын кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартуудан качууга аракеттенип жатканын айтышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103196/04/1031960411_10:0:1567:979_600x0_80_0_0_4c2364ce0161320c606dc43415b7f68b.jpg)
Маалыматка ылайык, жолугушуу "Мекен шейиттери", "Айкөл-Ала-Тоо", "Эр Теги" жана "Апрель байрагы" коомдук бирикмелеринин өтүнүчү боюнча уюштурулган.
"Иш-чарада учурдагы өлкөдөгү кырдаал тууралуу сөз болуп, анда 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары жана жаракат алган жарандар айрым саясатчылардын кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартуудан качууга аракеттенип жатканын айтышты. Президент алардын пикирине кошула тургандыгын белгилеп, бирок баарын мыйзам негизинде иш жүргүзүүгө чакырды", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, кезигишүүдө апрель окуясынын 7 жылдыгын уюштуруу иштери да талкууланган.