Сапардын алкагында Путин президент Алмазбек Атамбаев менен көрүшүп, тар чөйрөдөгү жолугушууга кирип кетти. Андан кийин кеңейтилген чөйрөдөгү жолугушуу күтүлүп жатат.
Андан ары планга ылайык документтерге кол коюу жана маалымат жыйын өткөрүү каралган.
Путин Борбор Азия мамлекеттери — Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт.